TurkLang  
Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча эларалык конференция
“TurkLang”

Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча “TurkLang 2019” VII-Эларалык конференциясы

Урматтуу кесиптештер!

Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча “TurkLang 2019” VII-Эларалык конференциясы 2019-жылдын 3-5 октябырында Симферопольде (Крым, РФ) болуп өтөөрүн кубаныч менен билдиребиз.

Конференциянын иштөө багыттары:

  • Түрк тилдеринин формалдык моделдери
  • Компьютердик системаларды улуттук локалдаштыруу жана терминология
  • Түрк тилдеринин электрондук корпустары
  • Тексттерди морфологиялык жана синтаксистик иштетүү системалары
  • Сүйлөөнү таануу жана синтездөө системалары
  • Тексттерди семантикалык иштетүү системалары
  • Машиналык которуу системалары
  • Түрк тилдерин үйрөнүүнүн интелектуалдык системалары жана технологиялары
  • Түрк тилдеринин лингвисттик онтологиялары

Негизги даталар:

Макалалардын абстрактын жиберүү 10-августына чейин
Макалалардын текстин жиберүү 1-сентябрына чейин
Рецензия жыйынтыктарын жиберүү 20-сентябрда
Конференциянын программасын жарыялоо 25-сентябрда
Конференциянын өтүүсү 3 – 5 октябрда