TurkLang  
Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча эларалык конференция
“TurkLang”

Конференция тууралуу

Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча “”TurkLang 2017″ 5-Эларалык конференциясы 2017-жылдын 18-21 октябырында Казанда (Татарстан, Россия) болуп өтөөрүн кубаныч менен билдиребиз.

Конференциянын иштөө багыттары:

  • Түрк тилдеринин формалдык моделдери;
  • Компьютердик системаларды улуттук локалдаштыруу жана терминология;
  • Түрк тилдеринин электрондук корпустары;
  • Тексттерди морфологиялык жана синтаксистик иштетүү системалары;
  • Сүйлөөнү таануу жана синтездөө системалары;
  • Тексттерди семантикалык иштетүү системалары;
  • Машиналык которуу системалары;
  • Түрк тилдерин үйрөнүүнүн интелектуалдык системалары жана технологиялары;
  • Түрк тилдеринин лингвисттик онтологиялары.

Конференция программасы пленардык отурумдарды, тегерек столдорду, программалык системалардын демонстрацияларын камтыйт.

Конференция алкагында Түрк тилдеринин электрондук корпустарындагы грамматикалык белгилөө (аннотациялоо) системаларын унификациялоо боюнча кезектеги UniTurk семинары болуп өтөт.

Рецензиялоо натыйжасында кабыл алынган бардык макалалар конференциянын материалдарында басылып чыгып, конференциянын сайтында http://www.turklang.tatar жайгаштырылат.

Рецензенттер тарабынан тандалган мыкты докладдар рецензиялануучу журналда басылып чыгарылышы каралган.

Конференциянын жумушчу тилдери

Конференциянын жумушчу тилдери болуп англис, орус жана татар тилдери саналат.

Негизги даталар:

  • Макалалардын аннотацияларын жиберүү: 1-июлга чейин.
  • Макалалардын толук текстин жиберүү: 10-сентябрга чейин.
  • Рецензия жыйынтыктарын жиберүү: 20- сентябрга чейин.
  • Конференциянын программасын жарыялоо: 10-октябрда.
  • Конференциянын өтүүсү: 18 – 21 октябрда.

Конференция тарыхы: